27-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, -2…+3 градуска чейин жогорулайт.
27-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.