Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Тоолуу Карабакта эки жоокер окко учту


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Армения колдогон Тоолуу Карабак бийлигинин кабарлоосуна караганда, Азербайжан тараптан 26-апрелде эрте менен атылган октон эки жоокер өлдү.

Азербайжан тарап жикчилдерге карата ок атканын ырастап, бирок ал жооп иретинде болгонун айтты. Баку Армения тарап да Тертер шаарын жана анын айланасын миномет, замбирек жана ракета менен аткылаганын кошумчалады.

1994-жылы жетишилген ок атууну токтотуу келишими апрель айынын башында бузулуп, Тоолуу Карабакта эки тараптын катуу кагылышуусу болуп кеткен. Москванын ортомчулугу астында ок атууну токтотуу 5-апрелде кайрадан макулдашылган. Бирок эки тарап тең ал макулдашуу бузулуп жатканын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG