Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Кошмо Штаттарда кезектеги праймериз өткөрүлөт


26-апрелде беш штатта праймериз болот. Коннектикут, Делавэр, Мэриленд, Род Айленд жана Пенсильвания штаттарында боло турган праймеризде Республика партиясынан үч талапкер, демократтардан эки талапкер ат салышат. Бул штаттарда Хиллари Клинтондун жеңишке жетишүүсү атаандашы Берни Сандерсти артка калтырып, Демократиялык партиядан анын талапкер болуу мүмүкүнчүлүгүн көбөйтөт. Республика партиясынан талапкер болууга умтулуп жаткан Тед Круз жана Жон Кейсик Дональд Трампка каршы биргелешип күрөшүүнү чечкенине карабайТрамп өзүнүн ийгиликке жетерине ишенимдүү экенин билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG