Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Кыргызстан туризм өнүкчү мыкты он өлкөнүн катарына кирди


Тоолор.
Тоолор.

Британиянын Daily Telegraph гезитинин соңку иликтөөсү боюнча, Кыргызстан туризм өнүгүшү ыктымал делген алдыңкы он мамлекеттин баш сабына чыкты. Мыктылардын арасында Кыргызстан, Мьянма, Индия, Замбия, Вьетнам, Танзания, Мозамбик, Кытай, Ливан жана Намибия бар.

Аталган басылманын маалыматына таянсак, жакынкы он жылда бул өлкөлөрдө туризмдин өнүгүшүнөн ички дүң продукциянын деңгээли жогорулайт. Ошондой эле гезитте Кыргызстан чет элдик туристтерди тоолуу табийгаты менен өзүнө тартып жатканы, алар өлкөнүн кооз жерлерин ат менен кыдырууну көздөп жатканы айтылат.

Акыркы кезде батыш басылмаларында Кыргызстан тууралуу макалалар көп жарыялана баштады.

Былтыр жыл этегинде британиялык The Guardian гезити өлкөдө альпинизмдин болочогу чоң экенин жазып чыккан. Быйыл эл аралык Financial Times басылмасы Кыргызстанды саякат үчүн ыңгайлуу жети өлкөнүн катарына кошкон. Эл аралык Business Insider порталы 2016-жылы туристтер үчүн кызыктуу он эки мамлекеттин бири катары көрсөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG