Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:50

Нурсултан Назарбаев Атыраудагы митинг уюштуруучуларын жазалоону буйруду


Атыраудагы нааразылык жыйыны, 24-апрель, 2016-жыл.

Атыраудагы нааразылык жыйыны, 24-апрель, 2016-жыл.

26-апрелде Казакстан элдеринин ассамблеясында сөз сүйлөгөн президент Назарбаев жер сатылат деп чуу көтөргөн “чагымчылардын” бетин ачып, жазалаш керектигин билдирди. Ал ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүктөргө сатылат деген маалыматтар чындыкка туура келбестигин ырастады.

Жекшемби күнү Казакстандын Атырау шаарында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, жердин сатылышына каршылыгын билдиришкен. Митингди мыйзамсыз деп атаган бийлик өкүлдөрү, бирок аны таратуу максатында күч колдонушкан эмес.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн башкы прокурору Асхат Даулбаевди кызматынан бошотуп, анын ордуна Жакып Асановду дайындады. Президент “Жер кодексине” киргизилген өзгөртүүнү калкка түшүндүрүүнү тапшырды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG