Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:09

Кытайда жогорку билим алуу үчүн сынак жарыяланды


Кытайдагы студенттер

Кытайдагы студенттер

“Патриот-KG” коомдук бирикмеси жана “Феникс” агартуу борбору Кытайдагы кыргыз элчилигинин колдоосу менен бюджеттик он орун үчүн сынак жарыялады. Ага Кытайда жогорку билим алууну каалаган 17 жаштан 25 жашка чейинки талапкерлердин арыздары кабыл алынат. Аларга кытай тили менен маданиятын билүү талабы коюлат. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, сынакты ачык өткөрүү боюнча көз карандысыз кабыл алуу комиссиясы түзүлдү. Кыргызстанга бөлүнгөн он орундун бешөө үчүн тандоо 21-майда Бишкекте, калганы үчүн 20-июнда Ош шаарында өтөт.

Сынактан өткөндөр Кытайдын Шандунь политехникалык университети менен Цзыбо педагогикалык институтунда билим алышат. Алар акысыз окуп, жатакана менен камсыз болушат. Ошондой эле бир семестрде бир жолу 600 юань өлчөмүндө стипендия берилет. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG