Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

“Өнүгүү-Прогресс» фракциясы спикерликке Исхак Масалиевди сунуштады


Депутат Исхак Масалиев

Депутат Исхак Масалиев

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына талапкер катары депутат Исхак Масалиев көрсөтүлгөнүн парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын катчылыгынан “Азаттыкка” маалымдашты. Мындай чечим фракциянын бүгүнкү жыйынында кабыл алынган. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев спикер шайлоо атаандаштык негизде өтүшү керектигин билдирди.

Спикерликке сунушталган Исхак Масалиев былтыр “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын катарында депутат болуп шайланган. Мурда Кыргызстан комунисттер партиясын жетектечү.

Буга чейин спикерликке социал-демократтар сунуштаган Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин КСДП, “Ата Мекен”, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” фракциялары колдогон. “Бир бол” фракциясы азырынча үн ката элек. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG