Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Евробиримдик Кыргызстанга 13 миллиондон ашык евро бөлдү


Кыргызстандагы шайлоо системасын өнүктүрүүгө 13,12 миллион евро каржылык жардам берилерин Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада кыргыз өкмөтү менен тиешелүү макулдашууга кол коюлду.

Буриан Евробиримдик шайлоо системасын жакшыртуу, добуш берүүлөрдүн ачык-айкындыгын камсыздоо аркылуу Кыргызстандагы демократияны мындан ары өнүктүрүүгө салым кошууну көздөп жатканын кошумчалады. Буга чейин Евробиримдик былтыр октябрда болгон парламенттик шайлоодо демократиялык эрежелер сакталды деп тааныган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын күзүндө өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG