Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

"Нургазынын кыялы" эл аралык сынакта "Элдин добушу" категориясында жеңди


Улан Эгизбаев, Нургазы жана “Элим барсыңбы” фондунун өкүлү

Улан Эгизбаев, Нургазы жана “Элим барсыңбы” фондунун өкүлү

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Учук айылында жашаган тубаса майып Нургазы тууралуу тасмасы эл аралык Webby Awards сыйлыгынын "Дүйнөлүк мыкты видео" сынагында "Элдин добушу" деген категорияда жеңишке жетти.

Тасма беш мыктынын бири катары сынакта ат салышты. Интернет аркылуу добуш бергендердин саны 2 миллион 300 миңден ашкан. Сынакка жалпысынан 65 өлкөдөн 13 миң видео тасма катышты.

Эл аралык санариптик искусство жана илим академиясы уюштуруп, быйыл 20-ирет өтүп жаткан сынакка вебсайттар, онлайн булактардагы фильмдер жана видеолор катышат.

“Кыял” аттуу тасмада майып жигиттин мыкты билим алуу тилеги, мектепке баруу үчүн квадрацикл сатып улуу үмүтү сүрөттөлгөн. Тасма “Азаттыктын” сайтына жарыялангандан кийин “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду аркылуу атын атагысы келбеген 23 жаштагы кыз Нургазынын кыялын орундатып, квадроцикл сатып берген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG