Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Каримов: Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөргө Орусия катышуусу керек


Президенттер Каримов менен Путин, 26-апрель, 2016
Президенттер Каримов менен Путин, 26-апрель, 2016

Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөргө Орусия катышуусу керек деп өзбек президенти Ислам Каримов 26-апрелде Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Ошол эле маалда Каримов Шанхай кызматташтык уюму Ооганстандагы саясий-аскердик тирешүүлөргө аралашпашы керек деп эсептейт. Ооганстанда өкмөт менен талиптердин тынчтык сүйлөшүүсү жалпы регион үчүн “маанилүү” деп белгиледи Каримов.

Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытай "Талибан" кыймылы менен Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого аракеттенген. Бирок азырынча эч майнап чыга элек. Каримов Ооганстандагы туруксуздук региондогу башка мамлекеттерге өтүшү мүмкүн десе, Путин Орусия менен Өзбекстан эл аралык антитеррордук коалиция түзүүнү колдоорун белгилеген. Президент Каримов 26-апрелде Орусияга эки күндүк сапар менен барган. (AiT)

XS
SM
MD
LG