Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:34

Масалиевдин талапкерлигин комитет кезексиз жыйында карайт


Исхак Масалиевдин парламент төрагалыгына талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин кезексиз жыйынында каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” комитет жетекчисинин орун басары Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Эреже боюнча төрагалыкка талапкерлер жалпы жыйынга коюлганга чейин тармактык комитеттин талкуусунан өтүүсү шарт. Комитеттин бул маселе боюнча жыйыны кечээ өттү. Анда расмий сунушталган бир гана талапкер – КСДП жана көпчүлүк коалиция лидери Чыныбай Турсунбеков каралды.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресстин” Масалиев боюнча сунушу кечке маал гана белгилүү болду. Бирок фракциянын талапкери сөзсүз каралат дейт Алмамбет Шыкмаматов:

- Убакыты өтүп кетти деп фракциянын укугун бузбашыбыз керек. Шайлоонун алдында комитет чогулуп, 10 мүнөттүн ичинде бат эле колдоп беребиз. Чыныбай Акуновичтин талапкерлигин кароого 3-5 мүнөт кетти. Бул процедуралык гана маселе.

“Ата-Мекен”, “Республика Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары Чыныбай Турсунбековду колдоорун билдирген.

“Бир Бол” өз талапкерин көрсөткөн жок.

13-апрелде Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьерликке келгенине байланыштуу ЖК төрагасынын кызматын тапшырып бергенден бери бул орун бош турат.

20-апрелде көрсөтүлгөн "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресстин" башчысы Бакыт Төрөбаевдин алган добуштары тең чыгып калып, жаңы талапкер алып чыгуу чечими кабыл алынган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG