Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

“Таза оппозициялык кыймыл” Ак үй алдына митингге чыгат


Бүгүн Бишкекте, Ак үй алдында бир нече саясий талап коюлган митинг өтөт. Аны “Таза оппозициялык кыймыл” деп аталган уюм уюштуруп жатат.

Уюмдун жетекчиси Назарбек Нышанов акциянын максаттары тууралуу “Азаттыкка” маалымат берип азыркы башкаруу системасын “псевдопарламенттик” деп атады жана чыныгы элдик бийликти орнотуу үчүн конституциялык реформа жүргүзүү керек деген пикирин билдирди.

Ошону менен катар ал “люстрацияны баштоо, мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевди, июнь коогалаңын уюштурду деп сыртынан соттолгон Кадыржан Батыровду жана оор кылмышкер Азиз Батукаевди качырып жиберген мамлекеттик кызматкерлерди камоо, саясий-экономикалык адилеттикти орнотуу үчүн коррупционерлердин колуна уурдалып өтүп кеткен завод-фабрика жана башка объектилерди мамлекеттин карамагына толук кайтарып алуу” талаптары коюларын айтты.

Нышановдун белгилешинче, бул маселелер уюмдун 30-мартта өткөн жыйынында талкууланып, бийликке кайрылуу кабыл алынган. Анда экономиканы оңдоо, социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча да нааразы пикирлер айтылган:

- Эгерде ушул талаптарды азыркы бийлик аткара албаса, анда 15-октябрда бүткүл республикалык курултайда элдик көзөмөл комитетин ишке киргизүү каралууда.

Бүгүн митингге чыга тургандар талаптардын аткарылышына бийликке үч айлык мөөнөт берилерин айтууда.

Кыргызстан 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Конституциясын өзгөртүп, парламенттик башкарууга өткөнүн жарыялаган. Бирок айрым эксперттер иш жүзүндө президенттик-парламенттик башкаруу өкүм сүрүп жатканын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG