Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Айыл өкмөттөрүнө тиешелүү кыймылсыз мүлктүн көбүнүн документи жок


Кыргызстанда көптөгөн айыл өкмөттөрүндө аларга тиешелүү кыймылсыз мүлккө болгон укугун расмий тастыктаган документи жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Укуктук келечек” коомдук фондунан кабарлашты.

Уюмдун өкүлү Сулайман Үсөновдун айтымында, былтыр ар бир облустан бирден дотациялык айыл өкмөтү тандалып алынып, алардын канча мүлкү бар, канчасында расмий каттоодон өткөнү тууралуу Мамлекеттик акты бар экени изилденип чыккан.

- Жети айыл өкмөтүндөгү 110 кыймылсыз мүлк объектинин 27синин Мамлекеттик акты бар, ал эми калган 83үнүкү мындай документи жок экени белгилүү болду.

Мунун айынан, Үсөновдун айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамсыз сатылган объекттер боюнча жылдап созулган соттук териштирүүлөр, муниципалдык менчикти мыйзамсыз пайдалануу, алардан түшкөн кирешени жашыруу сыяктуу көйгөйлөрдөн арыла албай келатат.

Ал эми баарын иретке келтирүү үчүн 1,3 миллион сом талап кылынары белгилүү болду. Мындай акча жергиликтүү бюджетте жок болгондуктан долбоордун адистери маселени чечүүнүн жолдорун иштеп чыгышты.

Кечээ Бишкекте ушул маселе талкууланган жыйын өттү. Аны USAID жана DIFD уюмдары ишке ашырып жаткан “Биргелешип башкаруу” программасынын колдоосу менен «Укуктук келечек» фонду уюштурду.

Талкууга, “Биргелешип башкаруу” программасынын өкүлү Фатима Касмахунованын айтымында, депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом жана журналисттер катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG