Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Бишкекте ысык суу 10-майда бир айга токтотулат


Бишкекте ысык суу 10-майда өчүрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар башкармалыгынан кабарлашты.

Ысык суу берүү жыл сайын май айында бир айга токтотулат. Бул убакыт аралыгында түтүктөр жана башка жабдуу тазаланып, оңдолот.

Кечээ Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаарды жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуучу ишканаларды кыдырып чыкты.

ТЭЦтин жетекчилигинин айтымында, май айында бул объекттин реконструкциясы башталат. Оңдоп, жаңылоо иштери үч этап менен жүргүзүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG