Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Армения прокуратурасы автобустагы жарылууну теракт деп атоодон баш тартты


Армениянын Башкы прокуратурасы Еревандагы жардыруудан 18 саат өткөндөн кийин билдирүү таратып, теракт тууралуу версияны четке какты. Окуя боюнча кылмыш иш «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген, эки же андан көп адамдын өмүрүн кыйган товар чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү" деген берененин неизинде козголду.

Жарылуу болгон жерден мурда эки жолу соттолгон армян жаранына тиешелүү мобилдик байланыш картасы табылган. Кечээ ал адамдын үйүндө тинтүү жүрүп, "тротил" жана башка жардыргыч зат табылганы кабарланды.

25-апрелде Ереванда автобус жарылып, ичиндеги 2 адам мерт болгон, жети адам жараат алган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG