Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш төрагасы болуп шайланды


Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 120 депутаттын 88и колдошту. Исхак Масалиев 26 добуш алды. Баарына каршы үч добуш берилген. Дагы үч бюллетень жараксыз деп табылды.

Спикер тандоо жашыруун добуш берүү аркылуу өттү. Добуш берүүнүн ачыктыгын камсыздоо үчүн он эки депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлдү. Талапкер Исхак Масалиев шайлоо ачык өткөнүн билдирди. Парламент спикерлигине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Исхак Масалиев, КСДП, “Ата Мекен”, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” фракцияларынан Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлгөн эле. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG