Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Жалал-Абад: "Оптима" банктын алты кызматкери иштен мыйзамсыз бошотулганын айтууда


"Оптима" банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн мурдагы алты кызматкери иштен мыйзамсыз бошотулганын айтып чыгышты. Директордун мурунку орун басары болуп иштеген Махамаджан Номанов иште чоң катачылыктарга жол берген кызматкерлердин ордуна өздөрү жумуштан мыйзамсыз айдалганын "Азаттыкка" билдирди.

Ал эми "Оптима" банктын башкы кеңсеси бул кызматкерлер эмгек келишимин бузгандыктан жумуштан кеткенин, мында мыйзам бузуу жок экендигин билдирип, макул болбогон тарапты сотко кайрылууга чакырды.

Маалыматка караганда, былтыр жайында филиалда аудитордук текшерүү болуп, бир топ мыйзамсыз аракеттер аныкталган. Жыйынтыгында 16 кызматкер иш учурунда кетирилген кемчиликтери үчүн жоопкерчиликке тартылып, алты кызматкер жумуштан бошотулган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG