Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Алепподогу чабуулдан бери дегенде 25 адам набыт болду


Алеппого чабуулдар күчөөдө.

Алеппого чабуулдар күчөөдө.

Сириянын Алеппо шаарына абадан урулган соккулардан бери дегенде 25 киши набыт болду. Калаадагы зомбулук уланып жатканына эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип жатышат.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 26-апрелде билдирүү жасап, бийлик менен оппозицияны жакында Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки тынчтык келишимин сактоого чакырды.

Сириянын оппозициялык күчтөрү өткөн аптадан тарта өкмөттүк күчтөрдүн чабуулдары арбыганын билдирген. Ал тапта Орусия учактары да абадан сокку урууну кайра жандантканы кабарланды.

Алепподо 22-апрелден тарта кырдаал курчуп кеткен.

2011-жылдан бери жүрүп жаткан кандуу калабадан Сирияда 270 миңден ашуун адам набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG