Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

“Айша-Садык” медресесинин окуу бөлүмүнүн башчысы жумуштан алынды


Жалал-Абад шаарындагы иш-чарада мамлекеттик гимн ырдалганда ордунан турбай койгон кыздар билим алган “Айша-Садык” медресесинин окуу бөлүмүнүн жетекчиси жумуштан алынды. Бул тууралуу облустун казысы Абдулазиз Закиров “Азаттыкка” билдирди.

22-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Салттуу ислам дининин баалуулуктары” аттуу жыйын өткөргөн. Анын ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик гимни ырдалган. Баары ордунан туруп, мамлекеттик символго таазим эткени менен алдыңкы катардагы жоолук оронгон кыздар ордунан жылбай койгон. Алардын муну “Куранда гимн учурунда орундан туруу жазылган эмес” деп түшүндүргөнү коомдо сынга кабылган болчу.

Мамлекеттик гимн аткарылып жаткан жыйындарда жана ар кандай иш- чараларда ар бир атуул тике туруп угууга, оң колун жүрөк тушка коюуга милдеттүү.(NT/RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG