Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:22

“Балыкчы–Чолпон-Ата –Корумду” автожолунун курулушу боюнча өткөн тендердин мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссия бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өз корутундусун жарыялады. Аталган комиссия Бишкек шаарынан “Манас” эл аралык аэропортуна кетчү жолду оңдоо, малды идентификациялоо үчүн техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин да мыйзамдуулугун иликтеген.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиев “Балыкчы– Корумду” каттамы боюнча жарыяланган тендер мыйзам бузуулар менен өткөнүн, ага катышкан 4 компаниянын ичинен кытайлык «Лонг Хай» ишканасынын жеңүүчү деп табылганы мыйзамсыз болгонун билдирди. Тендерди өткөрүү талаптары бузулуп, мурдагы министр Аргынбек Малабаев Кыргызстанда болсо да, анын орун басары ага кол койгону, Юстиция министрлигинин каржы булагы аныкталган эмес, деген корутундусуна көңүл бурулбагандыгы айтылды. Депутаттык комиссиянын корутундусу чийки деп бааланып, эртеңки жыйында толукталып, добушка коюла турган болду.

Жол боюнча жарыяланган тендердеги мыйзам бузууларды иликтөө боюнча депутаттык комиссия былтыр декабрда түзүлгөн. Бул маселенин ачыкка чыгышы мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин кызматтан кетишине алып келди. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG