Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Сузакта жер көчүп, бир адамды басып калганы айтылууда


Көчкү болгон жер. Сүрөттү жергиликтүү тургун Кылымбек Сарыбаш уулу тарткан.
Көчкү болгон жер. Сүрөттү жергиликтүү тургун Кылымбек Сарыбаш уулу тарткан.

Сузак районунун Алмалуу айылында жер көчүп, алдын ала маалыматтарга караганда бир адамды басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон жерге куткаруу тобу жөнөп кеткенин билдирди. Көчкү астында мектеп окуучусу калганы айтылууда.

Жергиликтүүлөр дагы эки адамдын абалы оор экенин "Азаттык" радиосунун кабарчысына айтышкан.

24-апрелге караган түнү Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат аймагында болжол менен көлөмү 1 миллион куб метр жер көчкү жүргөн эле. Бир сарай бузулуп, эки чабандын үйүндө кооптуу абал түзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-апрелден тарта жер көчкү коркунучу сакталган аймактарды атап, коркунучту элге маалымдап келет. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG