Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

Шойгу НАТО-Орусия сүйлөшүүсүнө канааттанбаганын билдирди


Сергей Шойгу.

Сергей Шойгу.

НАТО-Орусия кеңешинин 20-апрелде өткөн жыйыны Москва менен Түндүк Атлантика аскердик альянсы ортосундагы ымала боюнча оптимисттик сезимдерди ойгото албаганын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Эл аралык коопсуздук боюнча 27-апрелде уюштурулган бешинчи Москва конференциясында баяндама жасаган Шойгу Орусиянын НАТО жана Европа биримдиги менен аскерий кызматташтыгы токтолуп калганын, бирок мында Орусиянын күнөөсү жок экендигин белгиледи.

НАТО Орусия менен кызматташтыгын 2014-жылы токтоткон. Буга Украинага караштуу Крымдын Орусия аннексиялап алганы негиз болгон.

АКШ президенти Барак Обама ушул аптада CBS каналына маек куруп, “Владимир Путин НАТО менен Европа биримдигин Орусияга душман деп ойлоп, Европа биримдигине басым көрсөтүүгө аракет жасап жатат” деген пикирин айткан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG