Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

ӨКМ Сузактагы эки жер көчкү тууралуу маалымат таратты


Сузак районунда бүгүн 2 жер көчкү катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 17:30 чамасында Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы Үч-Чат жайлоосунда 100 миң куб метр жер көчкү түшүп, 1 убактылуу жашоочу үйдү басып калды.

Саат 18:00 чамасында Башы участкасында болжол менен 1 миллион 600 миң куб метр жер көчкү түшүп 6 турак жайды жана 14 жаштагы өспүрүм баланы басып калган.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30га жакын куткаруучусу чыгып кетти.

Министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштерине жетекчилик кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG