Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Сузакта көчкү астында калган бала табыла элек


Көчкүдөн улам үйсүз калгандар. 27-апрель, 2015-жыл. Сузак району.
Көчкүдөн улам үйсүз калгандар. 27-апрель, 2015-жыл. Сузак району.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында көчкү астында калган 15 жаштагы Урмат уулу Эрланды издөө иштери 28-апрелде улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы Болот Отунбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, көчкү болгон аймакта дагы кооптуу абал жаралгандыктан, адам өмүрүн тобокелге салбоо чечими кабыл алынды.

Бүгүн саат 17:30 чамасында аталган айылдагы Үч-Чат участкасында жер көчүп бир үйдү басып калган, жарым сааттан кийин Башы участкада жер көчүп, алты үйдү баскан. Бир киши жараат алган.

Үйү кыйрагандар коопсуз жерлерге көчүрүлдү.

Адистер жер көчкү коркунучу тууралуу 15-апрелден бери эскертип келет. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG