Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Масалиев: саясий монополиянын аягы дурус болбойт


Исхак Масалиев жана Чыныбай Турсунбеков
Исхак Масалиев жана Чыныбай Турсунбеков

Спикерликке аттанып, бирок өтпөй калган Исхак Масалиев Кыргызстанда саясий монополия өкүм сүрүү коркунучу пайда болгонун айтты. “Азаттык” радиосуна курган маегинде Масалиев төрага шайлоо калыс болгонун белгилегени менен, бийликти бир партиянын ээлеп алганы дурус эместигин айтты:

- Өз мезгилинде Коммунисттер партиясы, “Алга, Кыргызстан”, “Ак жол” партиялары саясий монополияга аракет жасаган, бирок ал жакшылык менен аяктаган эмес.

27-апрелде парламенттин спикерине шайлоо өттү. КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Республика Ата-Журт” фракциялары сунуштаган Чыныбай Турсунбеков 88 депутаттын добушу менен төрага болуп шайланган. “Өнүгүү-Прогресс” көрсөткөн Исхак Масалиев 26 добуш алган.

XS
SM
MD
LG