Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Сузакта жер көчкү алты үйдү басып калды


Көчкү болгон жер. 27-апрель, 2016-жыл
Көчкү болгон жер. 27-апрель, 2016-жыл

Сузак районунун Алмалуу-Булак айылында кечээ кечкурун эки жерде жер көчкү жүрүп, алты турак жайды жана бир мектеп окуучусун басып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары бат эле жетип барганы менен, жер көчкөн аймак кооптуу болгондуктан куткаруу иштерин бүгүн таңда гана башташты. Ушул жуманын башында адистер кооптуу аймакка барып, жергиликтүүлөргө башка жайга көчүүгө кайрадан эскертүү берген. Көчкүдөн аман калган мектеп окуучусу Мирбек кайгылуу окуяны мындайча айтып берди.

- Биз тоонун түбүндө мал издеп жүргөнбүз. Бир убакта айылдан качкыла деген кыйкырык үндөр чыгып калды. "Дүр" деп добуш чыкты, карасак топурак кулап келаткан экен, экөөбүздү басып калды. Бул жактан башка бирөөлөр барып мени куткарып, досумду колунан тартып топурактан чыгарып жаткан убакта экинчи тоо көчүп келе жаткандыктан качып араң кутулдук, ал бала топурак алдында калып кетти.

Анын досу 14 жаштагы Эрлан Урмат уулу көз алдында топурак алдында калды. Эрландын апасы чет жакка иштегени кеткендиктен, ал ушул аймакта карындашы менен тайежесинин колунда тарбияланып жаткан. Тууганы Жылдыз Салибаева оор кайгыга туш болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, 27-апрелде Сузак районунда эки жер көчкү катталган. Үч-Чат жайлоосунда 100 миң куб метр көчкү түшүп бир убактылуу жашоочу үйдү басып калган. Ал эми адам өмүрүнүн кыйылышы менен коштолгон Алмалуу-Булак айылынын Башы участкасында 1,6 млн. куб метр топурак көчүп, алты турак жайды жана бир окуучуну баскан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери аталган аймакка барганы менен, дагы кооптуу абал жаралгандыктан адам өмүрүн тобокелге салбоо чечими кабыл алынды дейт министрликтин облустук башкармалыгынын башчысы Сонун Отонбаев.

- Бул жерде жашагандарга убагында башка аймактан жер тилкеси берилип, көчүү керектиги айтылган. Акыркы учурда өзүңүздөр билип жатасыздар, жер көчкүлөрдүн активдешкен учуру болуп жатат. Жергиликтүү бийлик басып калган алты үйдү чыгарган, бул жерде ойноп жүргөн бала калып калды деген маалыматтар бар. Көчкү жүргөн жердин үстүндө дагы кооптуу кырдаал жаралып, биз куткаруу иштерин алып барып жаткан убакта түшүп кетиши мүмкүн. Ошол себептүү коопсуздукка байланыштуу 28-апрелден тартып баланы издөө иштери уланат.

Сузак районунун Алмалуу-Булак жана Алчалуу айылдары ӨКМдин адистери тарабынан 1994-жылы эле жашоого мүмкүн эмес деп табылып, тургундарды көчүрүү боюнча жергиликтүү элге сунуштама берилген. Анткени союз маалында курулган кокту-колоттордогу турак жайлардын жанындагы тоолордо жарака пайда болуп, көчүү коркунучу жаралган. Бирок тургундар дагы да болсо ушул аймакта кала берүүдө дейт Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн адиси Жолдубай Абдыкадыров.

- Буга чейин ушул жердеги үй-бүлөлөргө эскертүү берилген. Азыр топурак алдында калган баланын атасынын өзүнө да оозеки жана жазуу түрүндө тез арада көчүп кетүү боюнча эскертүү бергенбиз. Мындан сырткары кооптуу аймактарга көчкү жүрөт деп эскертүүчү белгилерди койгонбуз. Анткени бул жерлерге мал багууга жана келүүгө болбойт болчу. Бирок ойноок балдар келип, кудайдын айтканы экен, кырсык болуп кетти. Бул жерде жашагандарды бир ай мурда башка жакка чыгарганбыз.

Тургундардын көпчүлүгү кооптуу аймактан көчүп кеткени менен, күн жылыган учурда чөп жайыттары ушул аймакта жайгашкандыктан кайра убактылуу жашоого келишет. Турак жайы топурак алдында калган Акбермет Мөндөева өздүк документтерине кабатыр болууда.

- Бул жерден башка жакка көчүп кеткенбиз. Бирок чөп орогубуз ушул жерде болгондуктан кашаларыбызды оңдоо үчүн балам жана келиним менен жакында эле келген болчубуз. Үй-бүлөбүздүн бардык документтери калып кетти. Эми эртең боюнда бар келинимди төрөтканага документсиз кантип алып барам деп бушайман болуп жатам. Эми бул жагынан эмне кылар экенбиз, билбейм.

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда 1300дөн ашык үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет. Жазы менен жаан жаап, жер эзилгенде жер көчкү жана сел жүрүү коркунучтары пайда болуп, адистердин шаштысын алат. Сузактын ушул аймагында эле быйылкы жылы төртүнчү ирет жер көчкү катталды. Өткөн жылы Сузактын Кыржол айылында да жер көчүп, алты адамдын өмүрү кыйылган.

Сузактагы жер көчкүнүн кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

XS
SM
MD
LG