Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Өкмөт ант берет


Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы парламентте ант берет. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына президент Алмазбек Атамбаев да катышат.

13-апрелде буга чейинки премьер Темир Сариев отставкага кеткенден кийин жаңы өкмөт куралган. Бирок анын курамы дээрлик өзгөргөн эмес.

Жаңы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы министрлерди тандоого убакыт жок экенин айтып, мурункуларды эле ордунда калтырууну өзү өтүнгөн.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев, ал эми транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Замирбек Айдаров келген. Калгандары ордунан кеткен эмес. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG