Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Парламентте Балыкчы – Корумду жол тендери боюнча чечим жарыяланат


Жогорку Кеңеш имараты

Жогорку Кеңеш имараты

Бүгүн Жогорку Кеңеш Балыкчы – Корумду автожолу боюнча тендерге байланыштуу өзүнүн чечимин чыгарат. Депутаттар бул маселе боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын бүтүмүнө добуш берет.

Кечээ комиссия төрагасы Кубанычбек Жумалиев тендер мыйзам бузуулар менен өткөнүн, ага катышкан 4 компаниянын ичинен кытайлык «Лонг Хай» ишканасынын жеңүүчү деп табылганы мыйзамсыз болгонун билдирди.

Жол боюнча жарыяланган тендердеги мыйзам бузууларды иликтөө боюнча депутаттык комиссия былтыр декабрда түзүлгөн. Бул маселенин ачыкка чыгышы мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин кызматтан кетишине алып келген.

Бирок Сариев тендерде эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG