Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

"Кыргыз-казак бир тууган" кинокомедиясынын бет ачары өтөт


Бишкек, "Манас" кинотеатры

Бишкек, "Манас" кинотеатры

Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Нурлан Абдыкадыровдун 2013-жылдан бери тартылып келаткан "Кыргыз-казак бир тууган" кинокомедиясынын бет ачары бүгүн, 28-апрелде Бишкекте өтөт жана ушундан тарта кинотеатрларда чоң экранда көрсөтүлө баштайт.

Тасма эки бир тууган элдин өз ара мамилеси, тили, маданияты жана каада-салттарынын өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтөт. Каармандардын мүнөзүнүн жеке өзүнө тиешелүү оригиналдуу жактарын толук ачып берүү үчүн комедия жанры тандалып алынган деп билдирди "Азаттыкка" режиссер Абдыкадыров.

Сюжетинде бир нече улуттун өзгөчөлүктөрү камтылган комедияда үй-бүлө курууну чечкен казак кыз менен кыргыз жигит туугандарынын каршылыгына кабылат. Туугандар бир чечимге келгенче баарынын башынан бир топ, бир чети күлкүлүү, бир чети өкүнүчтүү окуялар өтөт.

Режиссердун айтымында, тасманы тартууга жалпысынан 250 миң доллар кетти. 2 миллион сомду "Кыргызфильм" берген, калган каражатты Абдыкадыров өзү тапканын айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG