Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Өкмөт курамы ант берди


Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы ант берип, расмий ишке киришти. Жыйынга президент Алмазбек Атамбаев катышып, өкмөт мүчөлөрүнүн антын алды.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Балыкчы-Корумду" жолундагы тендердин мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу 13-апрелде отставкага кетип, анын ордуна Сооронбай Жээнбеков дайындалган. Андан кийин жаңы өкмөт куралары айтылып, бирок анын курамы дээрлик өзгөргөн эмес. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мурункулар эле ордунда каларын билдирген.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев, ал эми транспорт жана байланыш министри кызматына Аргынбек Малабаевдин ордуна Замирбек Айдаров келген. Калгандары ордунда калган. Бүгүн эреже боюнча алардын баарынын анты угулду. Өкмөттүн карамагында он эки министрлик, сегиз агенттик, эки мамлекеттик комитет, он бир кызмат бар. (NT)

XS
SM
MD
LG