Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Парламент өкмөттүн отчетун угууда


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков

Бүгүн Жогорку Кеңеште ант берип, расмий ишке киришкен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2015-жылдагы өкмөттүн иши тууралуу маалымат берүүдө. Анын айтымында, былтыр мурдагы жылдарга караганда экономикалык өсүш байкалды. Бюджеттин кирешеси 128 миллиард сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 7 пайыздан ашкан. Быйыл жыл башынан бери ички дүң продукциянын көлөмү бир пайызга көбөйгөн. Буга чейин өкмөттүн отчету парламенттин бардык комитеттеринде талкууланып, сунуш-пикирлерди эске алуу менен жалпы жыйынга алып чыгуу чечими кабыл алынган.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматына 13-апрелде дайындалган. (NT)

XS
SM
MD
LG