Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча, республика боюнча 4016 үй-бүлө кооптуу аймакта күн кечирип жатканы аныкталып, ушул мезгилге чейин алардын 1064ү коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Дагы 2952 үй-бүлө тынымсыз берилген эскертүүлөргө көңүл бурбай келишет.
Жалал-Абад облусунда көчкү жана сел ташкыны болуучу аймактардан 1300дөн ашык үй-бүлө көчө элек. Аларга ссуда жана жер тилкелери берилгени менен ошол аймактардан кеткилери келбей жатышат. Сузак районунун Алмалуу-Булак айылында кечээги көчкү жүргөн аймактын эли быйыл он сегиз жолу эскертүү алган. (RsK)