Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Сузакта дагы жер көчтү


Cузактын Алмалуу-Бак айылындагы жер көчкү.
Cузактын Алмалуу-Бак айылындагы жер көчкү.

Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Үч-Чат жайлоосунда бүгүн көчкү түшүп, жеңил автоунааны басып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

Маалыматка караганда, көчкүнүн көлөмү 2,5 миллион куб метрди түзгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Аталган мекеменин маалыматы боюнча, Кызыл-Туу айыл аймагында 1994-жылдан 2015-жылга чейин кооптуу аймакта жашап жаткан 76 үй-бүлө көчүрүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG