Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Өмүр бою кесилгендер үчүн салынган абак ишке берилди


Жаңы салынган абактын тосмосу

Жаңы салынган абактын тосмосу

Сокулук районунун Жаңы-Жер аймагындагы №19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулган биринчи корпус бүгүндөн тарта ишке киргизилди. Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Жапаровдун билдиришинче, бул жайда оор кылмыш менен өмүрүнүн аягына чейин кесилгендер гана кармалат. Бир камерада экиден жана төрттөн адам кармала турганы айтылууда. Түрмөнү курууда Орусия жана Казакстандагы абактардын үлгүсү эске алынган.

Кыргызстанда өмүрүнүн акырына чейин соттолгондорду өзүнчө кармаган абак биринчи жолу ишке берилди. Анын курулушу 2007-жылы башталып, быйыл биринчи корпусу толугу менен мамлекеттик каражатка бүткөрүлдү. Азыр 50дөй адам кармалууда. Жалпысынан абак 300 адамга ылайыкташкан. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, бул жерде түрмө кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз киши үч кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, кийинчерээк абакта каза тапса, үчөө качып кетип бир нече күндөн кийин кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Бирөө бутуна ок тийип кармалган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылгандардын саны 300дөн ашат. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG