Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:26

Нарын: “Керегин ал, керексизин бер” кайрымдуулук акциясы өттү


Акцияны Нарын шаарындагы “Биздин тилек” коомдук жаштар фонду уюштурган. Аталган фонддун жетекчиси Талант Ниязбеков “Азаттыкка” билдиргендей, акцияга жергиликтүү тургундар үйүндөгү ашыкча буюмдарын алып келишти.

Мындай иш-чара Нарында биринчи жолу уюштурулду. Ага 200дөй киши катышты. Эми чогулган кийим-кече, тиричилик буюмдары жана китептер облустун аймагындагы муктаж адамдарга таркатылат. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG