Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

ЕККУ: Украина чыгышында ок атышууну токтотуу шартын бузуу күчөдү


Донецк аймагындагы Олевника кыштагында артиллериялык атуудан талкаланган автоунаа. 27-апрель, 2016-жыл.
Донецк аймагындагы Олевника кыштагында артиллериялык атуудан талкаланган автоунаа. 27-апрель, 2016-жыл.

Уюмдун байкоочу миссиясы билдиргендей, Украинанын чыгышында коопсуздук кырдаалы начарлоо менен ок атышууну токтотуу режими бузулган учурлардын саны соңку айлардагы эң жогорку деңгээлге чыкты.

ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын башчысы Эртургул Апакандын Венадан жасаган бул билдирүүсүнө тушташ Украина чыгышындагы атышуулардан төрт жай тургундун өмүрү кыйылган.

Апакан белгилегендей, азыр украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы экинчи Минск тынчтык келишиминде тыюу салынган миномётторду жана артиллерияны колдонуу менен атышуулардын саны өстү.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазынан берки куралдуу жаңжалдан 9100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылып, 21 миңдей адам жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG