Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Шахмат боюнча жогорку лигадагы өлкө чемпиондугу жыйынтыкталууда


Кыргызстандын шахмат боюнча жогорку лигасындагы өлкө чемпиондугунун оюндары бүгүн жыйынтыкталат. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда мелдешке өлкөнүн мыкты 20 шахматчысы катышып, 9 күн бою чемпиондук наамды жеңүү үчүн акыл таймашын өткөрдү.

Жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоо аземи Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 16:00дө башталат.

Суперфиналдын жыйынтыгында эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын шахмат боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү аныкталат.

Тандалма мыкты оюнчулар ушул жылы Баку шаарында боло турган шахмат боюнча бүткүл дүйнөлүк олимпиадага катышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG