Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 20 жылдыгы белгиленүүдө


"Манас" университетинин имараттарынын бири
"Манас" университетинин имараттарынын бири

Бүгүн Бишкекте Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өтөт. Ага Түркиянын вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул Түркеш катышат.

Бул иш-чара менен катар окуу жайдын демилгеси менен Борбор Азия университеттеринин ассоциациясын түзүү тууралуу декларацияга кол коюлат. Ассоциациянын мүчөлүгүнө Европа жана Азиянын 11 мамлекетинин 22 жогорку окуу жайы макулдугун берди.

«Манас» университетин ачуу тууралуу документке 1995-жылдын 30-сентябрында Измир шаарында кол коюлган.

Ал өзгөчө статуска ээ күндүзгү жогорку билим берүүчү окуу жай болуп саналат. Билим берүү акысыз жана кыргыз, түрк тилдеринде жүргүзүлөт.

Университет берген диплом эки мамлекет үчүн тең жарактуу. (RK)

XS
SM
MD
LG