Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Ошто инклюзивдик билим берүү боюнча коомдук талкуу өтөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн Ош шаарында майып балдардын билим алуусуна шарт түзүү маселесин талкуулаган коомдук жыйын өтөт. Иш-чараны «Смайл.KG» коомдук фонду уюштурууда.

Аталган уюм март айында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгон.

“Балдар бирге окушу керек” долбооруна USAID жана DFID уюмдарынын биргелешип башкаруу программасы колдоо көрсөтүүдө.

Бүгүнкү жыйында былтыркы жылдын соңунда жүргүзүлгөн атайын изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилет. Уюштуруучулардын айтуусунда, изилдөө 47 орто мектепти камтыган жана ал мекемелерде майып балдардын окуп, билим алуусуна шарт түзүлгөнбү-жокпу, талдоого алынган.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда расмий каттоого алынган майып балдардын саны 26 миңдин тегерегинде. Ал эми Билим жана илим министрлигинин билдиришинче, алардын 25% гана мектепке жана бала бакчага барат. (RK)

XS
SM
MD
LG