Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Коргоо кеңеши чек ара коопсуздугун талкуулайт


Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында 30-апрелде боло турган Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны жабык өтөт. Анда чек араларды бекемдөө, коопсуздукту күчөтүү маселеси ортого салынат. Ошондой эле жаза аткаруу тармагындагы абал талкууга алынарын Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады. Отурумдан кийин Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берет.

Кыргызстанда чек ара коопсуздугу курч көйгөйлөрдүн бири. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларда талаштуу аймактар көп болгондуктан, маал-маалы менен чыр-чатактар катталып турат. Акыркы жолу 18-мартта Аксыдагы Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келиши кыргыз тараптын нааразылыгын жаратып, чек арадагы абал курчуп кеткен. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын коюп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин аскерлер 26-мартта чыгарылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтса, жергиликтүү калк ал жер мурдатан Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери да бар экенин билдирип келишет. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG