Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Жогорку Сотто бүгүн Бишкек жана Ош шаардык, Чүй облустук, Чаткал жана Ноокен райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары ант беришти.

28-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Талант Аккозуев, Мира Жээнбекова, Керезбек Эсекеев, Назгүл Илиязова, Санжар Исабаев, Нурлан Кожомбердиев, Аида Манжиева, Адис Момуналиев, Ирина Скрипкина, Нурлан Чериков, Нурбек Эсеналиев Бишкек шаардык сотунун судьялары болуп дайындалган. Ал эми Чүй облустук сотунун судьялыгына Алмаз Койлубаев, Таалайбек Умуркулов, Чаткал райондук сотунун судьясы кызматына Шарипбай уулу Керимбек, Ноокен райондук сотуна Кубат Абылов, Ош шаардык сотунун судьясы кызматына Шекербек Кадыркулов келген. Ант берген соттор беш жылдык мөөнөт менен иштешет. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG