Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Ооганстанда ооруканага бомба таштаган америкалык учкучтар жазаланды


Кундуздагы ооруканага бомба ташталгандан кийин, 26-апрель, 2016-жыл.
Кундуздагы ооруканага бомба ташталгандан кийин, 26-апрель, 2016-жыл.

Былтыр Ооганстандагы оорукананы жардырган америкалык учкучтарга административдик жаза берилди. 28-апрелде АКШнын жогорку даражалуу аткаминерлеринин бири билдиргендей, 16 учкуч жазага тартылган. Бирок эч кимисине кылмыш иши козголгон жок.

АКШнын аскерий жетекчилиги Ооганстандагы ооруканага катачылыктан улам бомба ташталган деген чечим чыгарышкан.

Америкалык аскерий учкучтар 2015-жылдын ноябрында Кундуз провинциясындагы ооруканалардын бирине бомба таштап, анын айынан 42 жайкын тургун мерт кеткен.

АКШнын аскерий жетекчилиги бул окуя боюнча жүргөн тергөө тыянактарын бүгүн коомчулукка жарыялары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG