Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

«Макмалалтын» жана “Солтон-Сары” комбинаттары иштей баштады


"Макмалалтын" кени, Тогуз-Торо.

"Макмалалтын" кени, Тогуз-Торо.

«Кыргызалтын» ишканасы билдиргендей, Тогуз-Тородогу “Макмалалтын” комбинаты 23-апрелде, Нарындагы “Солтон-Сары” кенинин фабрикасы 22-апрелден тарта толук ишке киришти. Бул ишканалар кышкы мезгилде убактылуу токтогон болчу.

Бир жарым ай бою “Макмалалтын” комбинатында оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Ушул тапта бул жерде 35 миң тонна кен топтолгон. Ал эми “Солтон-Сары” кенинин алтын чыгаруучу фабрикасы да оңдоп-түзөөдөн өтүп, күн сайын 100 тоннага жакын, айына үч миң тонна кен кайра иштетилет. Азыр ишканада 152 адам иштеп жатат. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG