Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Чеченстанда кыргыз жаңгак көчөттөрү отургузулду


Чеченстанга жөнөтүлгөн 1500 түп жаңгак көчөтү.
Чеченстанга жөнөтүлгөн 1500 түп жаңгак көчөтү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарындагы жеке ишкер Абдышүкүр Жураев билдирди. Анын айтышынча, шериги Шамил Ормонов экөө жазда Арстанбаптан 1500 түп жаңгак көчөтүн атайын муздаткычы бар жүк ташуучу унаа менен Чеченстанга жөнөтүшкөн.

Чечен жетекчиси Рамзан Кадыровдун атайын буйругу менен Грозный шаарынан 5 гектар жер аянты бөлүнүп, ага кыргыз жаңгактары отургузулган. Жаңгак багына “Кыргызстан” деп ат коюлса, Шатой районуна эгилген жаңгак багына Кадыровдун атасы Акмат Кадыровдун аты ыйгарылган.

Кыргыз жаңгагын чечен элине белек кылуу убадасын ишкерлер былтыр Чеченстанга атайын достук иш-сапары менен барган учурда беришкен эле. Кыргызстан ассамблеясынын Ош аймактын бөлүмүнүн жетекчиси Балтагул Нурунбетов баштаган Кыргызстандык делегация өткөн жылы Грозныйда Чеченстандын улуттук саясат жана маалымат министри, тышкы иштер министри жана парламенттин төрагасы менен жолугушкан. Эки тараптуу жолугушууда Грозный шаарындагы көчөлөрдүн бирине кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун атын берүү да каралган. Айтматов атындагы көчө май айында ачылышы күтүлүүдө.

Мындан сырткары тараптар бул сапарда Грозный калаасы менен Ош калаасын “бир тууган шаар” кылуу макулдашуусуна кол коюуну мерчемдешүүдө.

Кыргыз-чечен достук мамилесинин алкагында буга чейин Абдышүкүр Жураев курган Ош шаарындагы мечитке Чеченстандын экс-президенти Акмат ажы Кадыровдун наамы берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG