Украина чыгышындагы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары соңку кездери орусиячыл жикчилдер менен украин армиясы ортосунда тынчтык келишими бузулган учурлар көбөйгөнүн маалымдады.
Топтун башчысы Эртугрул Апакан 28-апрелде Вена шаарында өткөн ЕККУ жыйынында “бир апта ичинде Украина чыгышындагы куралдуу зомбулуктар чектен чыга баштады”, деп билдирди. Анын айтымында, тараптар Минск келишиминде тыюу салынган куралдар – артилерия жана минометторду көбүрөөк пайдаланып жатышат.
Тараптар былтыр февралда Минск шаарында тынчтык келишимин түзүшкөн. Ага Франция менен Германия ортомчулук кылып, Орусия жана Украина өкүлдөрү катышкан.
Украинада 2014-жылдын жазында тутанган согуштан бери 9 миңден адам курман болду.