Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

Бишкектеги “Кумтөр голд” компаниясынын кеңсесинде 28-апрелде укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүп, кылмыш ишке керектүү маалыматтар алынгандан кийин Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында “Центерранын” акциялары он пайызга арзандап кеткени кабарланды. Akchabar порталынын маалыматы боюнча, бүгүн түшкө чейин акциянын бир даанасы 5,77 долларга бааланса, түштөн кийин 5,2 долларга ылдыйлаган. “Кумтөр голд” канадалык “Центерра Голд” компаниясына тиешелүү.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Кумтөр Голд Компани” ишканасында каржылык мыйзам бузууларга орун берилгенин, акча каражаттар мыйзамсыз чыгарылып кеткенин жүйө келтирип, кылмыш иши козголгонун ырастады. Алтын кенди иштеткен “Центерра голд” компаниясы болсо мыйзам бузуулар тууралуу айтылгандарды четке кагып, тинтүүнү 2013-жылдагы дивиденддер менен байланыштырууда. Компаниянын маалыматы боюнча, ал кезде дивиденд төлөө 2009-жылдагы келишимдин негизинде жүргүзүлгөн. Ошондой эле маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырып, мунаса табылбаса эл аралык арбитраждык сотко арыз жолдонорун билдирди. Кыргызстан “Кумтөрдөгү” акциялардын 32,1 пайызына ээ.

Ал арада Канаданын улуттук инвестиция менен өнөр жайды жөнгө салуу уюму (IIROC) 28-апрелде эле "Центерраны" туурап белгилүү компаниялардын баалуу кагаздарын сатууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынышы ыктымалдыгын жарыялаганы маалым болду. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG