Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчтү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылында бүгүн таңкы саат беш жарым чамасында жер көчтү. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Абалды тактоо үчүн азыр райондук комиссия окуя болгон аймакка чыгып кетти. Буга чейин 27-апрелде Алмалуу-Булак айылында түшкөн жер көчкү алты үйдү басып калып, он беш жаштагы өспүрүм Урмат уулу Эрлан топурак алдында калып, каза тапкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG