Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Президент Алмазбек Атамбаев курултайдын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда 2010-жылкы июнь окуялары этностук чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин кайрадан карап чыгуу зарылдыгын жаратканын билдирген.

Ал Конституциялык реформа, Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын бекитилиши Ассамблеянын укуктук статусун өзгөртүүгө алып келгенин, мындан улам азыр бул орган эл биримдигин чыңдоого багытталган, мамлекеттик органдар менен этномаданий борборлордун ортосундагы байланышты бекемдеген консультативдик орган болуп калганын белгилейт.

Кыргызстан эл ассамблеясы 1994-жылы түзүлгөн. Анын башкы максаты – өлкөдө жашаган этностордун маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, жарандык тең укуктуулукту калыптандырууга көмөктөшүү болуп саналат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG