Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Май майрамдарында коомдук тартипке 7,5 миң милиция көз салат


Бишкек милиция кызматкерлери

Бишкек милиция кызматкерлери

Ички иштер министрлигинин маалыматында, Кыргызстан боюнча милициядан тышкары коомдук тартипке көз салууга 5,5 миң ыктыярчы да тартылат.

9-май күнү “Ала-Тоо”, “Жеңиш” аянттарында, “Ак-Кула” ат майданында жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2 миңден ашык тартип сакчысы иштейт. Жалпысынан 30-апрелден 10-мартка чейин укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иш алып барат. Кыргызстанда майдын башында Эмгекчилердин тилектештигинин күнү, Конституциянын кабыл алынган күнү жана Жеңиш майрамы белгиленет. Бул күндөрдүн урматына өлкөдө бир катар салтанатуу иш-чаралар уюштурулат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG