Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Казакстанда 13 жыл кулчулукта жүргөн кыргыз келин куткарылды


“Замандаш” диаспорасынын өкүлү Алтынбек Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, кордук көргөн кыргыз келин тууралуу Жамбыл облусунун Ак-Терек айылында жашаган имам 24-апрелде кыргыз тарапка маалымат берген.

Кара-Суулук кыз 2004-жылы 15 жашында Казакстанга 150 миң теңгеге сатылып кеткен. Элзада Муминова ата-энеси жок болгондуктан, чала тааныш үй-бүлө аны Казакстанга алып кеткенин билдирүүдө. Ал жерде Муминова эки ирет сатылып, турмуш куруп, үч балалуу болгон. Ал азыр кызы менен Кыргызстанга келди, эки уулу Казакстанда калды. Ушул тапта анын жанында тек-жайын аныктаган бир да документи жок. (AzK\BCh)

XS
SM
MD
LG